БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Казино ачпасак анда Ирандай болуп шарият жолу менен жашайлы. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев парламентте билдирди.
Анын алдында эл өкүлү Дастан Бекешев акчанын артынан түшүп, кылмыштуу аракеттерди мыйзамдаштыруу аракети болуп жатканын айткан.
"Онлайн казино биздин балдарга зыянын тийгизет. Анда ушуну менен токтобой баңгизатты дагы, башка кылмыштарды да легалдаштыралы. Акча керек да. Акча эле акча деп моралдык, маданият жактан өспөй жатабыз", — деди Бекешев.
Андан соң Түлөбаев кесиптешинин пикирин сындап, учурда ансыз деле мыйзамсыз аракеттер болуп жатканын билдирди.
"Ооба, моралдык, маданият жактан аябай өсүп кеттик. Азыр мектептеги балдарыңар онлайн казино ойноп отурат. Сайттарды бири-бирине 100 миң сомдон сатууда. Бардык жерде жабык эшик артында иштеген казинолор бар. Аны көрбөйбүз. Башка өлкөлөрдө бар, аны да көргүбүз келбейт. Бир нерсе болсо эле "анда сойкулукту да легалдаштыралы, мындай-тигиндей кылалы" деп чыгышат. Анда арак заводун, чочко фермаларын да жабалы. Светтик мамлекеттен кетип, Ирандын жолуна түшөлү. Шарият менен башкарган өлкөгө өтөлү. Минте берсек талаш-тартыш улана берет, туугандар. Ар ким өз добушун берет, өтөт же өтпөйт", — деди Түлөбаев.
Учурда парламентте Кыргызстандын аймактарында казино ачууга уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат.