Афганистандагы катуу жер титирөөдөн 920 адам набыт болду

Кырсыктан дагы 610 адам жабыркаган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Афганистандагы жер титирөөдөн 920 адам каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү Tolo News телеканалына өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Шарафуддин Муслим билдирген.
Кырсыктан дагы 610 адам жабыркаган.
Буга чейин АКШнын Геологиялык кызматы (USGS) Афганистанда магнитудасы 6,1ге жеткен жер титирөө болгонун кабарлаган. Анын очогу 96 миңден ашык адам жашаган Хост шаарынан 44 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал эми тереңдиктеги очогу 51 чакырымга жетет.
Россия ТИМи: Путин Афганистанга эгин бөлүүгө макулдук берди