БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Эртең менен турганда суу ичүүнү адатка айланткандар сөзсүз оозун чайкашы керек. Бул тууралуу Sputnik агенттигине стоматолог-терапевт Асира Джанузакова айтып берди.
Ал учурда эртең менен турганда бир стакан муздак суу ичүү адатка айланганын, көпчүлүгү тура калып эле тишин, оозунун ичин жуубай туруп эле иче каларын белгиледи.
"Шашпастан ооздун ичин, тиштерди жууп, анан сууну ичиш керек. Анткени түнү бою микробдор, тамак-аштын калдыктары сакталып калат. Эртең менен турганда деле үстүңкү тишиңерди тилиңер менен сыдырып туруп түкүрсөңөр, кадимкидей чыла жыттанган кир түкүрүк чыгат. Анан ошонун бардыгын жутуп жиберген зыян", — деди тиш дарыгери.
Ал тамак ичкен сайын тишти жууп туруу зарыл экенин, эгер күндүз ар кандай шартта мүмкүнчүлүк болбосо, оозду чайкоо керектигин кошумчалады.