"Ууру". Ак-Ордодо кишини жарым жылаңачтап түркүккө таңып коюшкан. Сүрөт

Ал аймактын жашоочуларынын 57 жаштагы бул кишини телефон жана башка буюмдарды уурдоого шек санап жатканы кабарланды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Бишкектин Ак-Ордо конушунда уурулукка шектелген 57 жаштагы кишини белине чейин жылаңачтап, түркүккө скотч менен таңып коюшкан видео тарады. Кадрдын сыртындагы үн ал баалуу буюмдарды алып алган деп айтып жатат.
Ал эми көкүрөгүнө "Ууру" деп жазып, 20.06.2020 деп бүгүнкү дата коюлган кагазды кошо чаптап коюшкан.
Чүй облустук милициясынан окуя боюнча маалымат саат 16:00 чамасында келип түшкөнүн айтышты.
Ал аймактын жашоочулары 57 жаштагы бул кишини телефон жана башка буюмдарды уурдоого шек санап жатышканы, анын тергөөчүгө жеткирилгени кабарланды.
Чүй облустук милициясы аны түркүккө таңып койгондорго чара көрүлө тургандыгын билдиришкен.
Араванда буюртма менен адам өлтүрүүгө бараткан кылмыштуу топ кармалды. Сүрөт