БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. ЕЭКтин расмий өкүлү Ия Малкина ЕАЭБдин бирдиктүү электрондук соода рыногу кандай принциптер менен иштеши керектигин айтты.
Ал бүгүн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун жыйынтыгы тууралуу Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн видеокөпүрөдө сүйлөгөн.
Малкинанын айтымында, Евразия чөлкөмүндө ички электрондук соода өсүп жатканы байкалууда, учурда ЕАЭБ бирдиктүү электрондук соода түзүү стадиясында турат.
“Бул рынокто “түйүнү жок” шарттар болушу керек. Өзгөчө аянтча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биринде жайгашса, сатуучу башка жакта, ал эми алуучу үчүнчү өлкөдө болгон татаал учурда дагы үзгүлтүксүз иштеши керек. Биз электрондук соода жалпы эрежелери бар кагазсыз соода дегендей кылып жатабыз. Бул сатуучуга да, сатып алуучуга да коопсуз болушу зарыл”, — деди Малкина.
Ошондой эле ал электрондук соода ЕАЭБ чөлкөмүндөгү сооданын 11 пайызын түзөт деп алдын ала божомолдонуп жатканын айтты.
“Биз товарларын биримдиктин рыногуна жана үчүнчү өлкөлөргө чыгарып жаткан экспортчуларды колдоо багытында иштейбиз. Мында калкты биринчи керектелүүчү жана өнөр жай товарлары менен камсыздоо боюнча чоң эмгек кылып жаткан чакан жана орто ишканаларды белгилеп кетүү керек”, — деди Малкина.
Анын айтымында, ЕЭК мамлекет жана өкмөт башчыларына ишканаларга стимул берүүчү механизмдерди (субсидия, кредит жана башка) киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууда.