БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. 27-июнь күнү саат 9:00дөн тарта биринчи класстын окуучуларын электрондук каттоого алуунун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу Бишкек мэриянын маалымат кызматы билдирди.
"Бул убакыттан тарта ата-энесинин жашаган жерине карабастан бош оруну калган мектептердин бардыгына баланы каттоого болот", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле мектеп жайгашкан микроучасткада жашагандар каттоодон өтүүдө юридикалык дарегин көрсөтүшү керектиги белгиленди. Мындан тышкары, буга чейин электрондук каттоого туруп, бирок экинчи этапта өздөрү каалаган мектептен бош орун табылып калса жеке кабинет аркылуу мектепти өзгөртсө болот.
Каттоо https://mektep.edu.gov.kg/ сайты аркылуу жүрүп жатканын эскертебиз.
Техникалык колдоо көрсөтүү кызматынын номери: +996 (312) 98 89 40, 119.