РФ ишкерлери үчүн Кыргызстанда бардык шарт бар. Бишкек бизнес-форумунун 1-күнү

Бүгүн борбор калаада Бишкек бизнес-форум жана EXPO Russia Kyrgyzstan 2022/EXPO Eurasia-2022 өнөр жай көргөзмөсү ачылды.
Sputnik
Үч күнгө созулчу иш-чараны "Зарубеж-Экспо" ААКсы Улуттук инвестициялык агенттик менен биргеликте уюштурду.
Негизги максат – Кыргызстан менен Россиянын бизнес байланыштарын күчөтүү, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзүү.
Форум-көргөзмөнүн маанилүүлүгүн анын ачылышына Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун катышканынан улам дагы билсе болот. Албетте келгендерде Коопсуздук кеңешинин мындай иш-чарага кандай тиешеси бар деген суроо жаралды.
Бул суроого өзү "мындагы долбоорлор азык-түлүк, экономика, энергетика, билим берүү системасындагы коопсуздукка тикелей таасир этет. Демек, Коопсуздук кеңешинин компетенциясындагы маселе" деп жооп берди.
Форум россиялык жогорку бийлик өкүлдөрү тарабынан дагы көз жаздымда калган жок. Тагыраагы, РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров дагы катышуучуларга каалоо-тилектерин айтты.
Ал Россиянын Кыргызстандагы элчилиги аркылуу жолдогон кайрылуусунда "көргөзмө менен форумдун өткөрүлүшүн дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толушу менен байланышкан тарыхый окуя катары бааланарын" айтты.
Ал эми Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлүнүн милдетин аткаруучу Айнур Саманов россиялык ишкерлерге КР экономикасынын кайсы тармагына инвестиция салуу пайдалуу экенин айтып берди.
Сапаты кем калышпайт. Жапаров ЕАЭБ өлкөлөрүн кыргыз товарларын алууга үндөдү
Саманов белгилегендей, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүү акыркы бир жылда кыйла өстү жана быйыл дагы өсүүдө. Мисалы, январь-апрель айларында 770 миллион доллардан ашты. Ал соода-сатык мындан ары да көбөйөт деп ишенерин кошумчалады.
Мунун бардыгын эске салганда россиялык ишкерлерге Кыргызстан тоо-кен өнөр жайы, гидроэнергетика, агроөнөр жай сектору жана жеңил өнөр жайына көңүл буруу сунушталды.
Ал Кыргызстанда эмгек ресурсу да, сырьёлор да жетиштүү экени кубандырарын айтты.
Анын сөзүн Улуттук инвестиция агенттигинин директору Равшан Сабиров бышыктады. Жетекчинин айтымында, Кыргызстанда россиялык компаниялардын өндүрүшүн жайгаштырууга бардык шарттар бар.
"Бүгүн Кыргызстанда бир катар россиялык компаниялар иштеп жатат. Биз башка компанияларды дагы чакырабыз. Анткени бизде иштөө үчүн бардык шарттар түзүлгөн", — деди Сабиров.
Форумдун алгачкы күнү дал ушундай нотада аяктады.
Келерки эки күн ичинде Кыргызстанда заманбап тоо-кен техникасын чыгаруу боюнча өндүрүш баштоо, акыркы муундагы автобустарды чогултуу, медициналык буюмдарды биргелешип өндүрүү, заманбап навигациялык жабдуулары бар КамАЗдарды чыгаруу, "Мироторг" концернин кеңейтүү долбоорлору талкууланат.
Мишустин: Батыштын санкциялары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн баарына таасир этүүдө