Сууга чөгүп бараткан адамга кантип жардам берсе болот? Адистин кеңеши

Жумаков чөгүп жаткан адамды аркасынан же суунун асты менен барып куткаруу керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдарды даярдоо жана суунун алдында техникалык иштерди жүргүзүү борборунун башчысынын орун басары Замирбек Жумаков сууга чөгүп бараткан адамга кантип жардам берсе болорун түшүндүрдү.
Жумаков колдон келсе куткаруучу чакырууну сунуштаган.
"Жакын жерде куткаруучу жок болуп калса, өзүңүз сүзгөндү билсеңиз жаныңызга чабак урганды билген эки-үч адамды алып, чөгүп жаткан адамга тезирээк барыңыз. Эгер сиз көлдүн жээгинде эмес сууда болуп калсаңыз, үнүңүздүн жетишинче кыйкырып элди жардам берүүгө чакырыңыз. Анткени чөккөн адамга бир эле кишинин алы келбей калышы ыктымал. Сууга аркан, жыгач, баллон же жилет ыргытуу керек. Чөгүп жаткан адамды аркасынан же суунун асты менен барып куткарган оң. Анткени ал жанталашып жатып куткарууга барган адамды кошо чөктүрүшү мүмкүн", — деген ал.
ӨКМ кызматкери адамды жээкке алып чыккандан кийин анын дем алуусун, жүрөгү согуп жатканын текшерүү маанилүү экенин белгилеген.
"Эгер чөккөн адамга аба жетпей көгөрө баштаса, аны көмкөрөсүнөн жаткырып, далысынан басып, өпкөсүндөгү сууну чыгаруу зарыл. Оозуна эки-үч сапар үйлөп, өпкөсүнө укалоо жасалат. Үйлөгөндө аба ичине эмес, өпкөгө кириши керек", — деген Жумаков.
Адистин маегин толугу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуй аласыздар.
Кара-Сууда каналга түшүү кооптуулугун эскертип жүргөн милиционер чөгүп кетти