БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Кызыл-Кыя шаарында айыл тургундары сел агызып бараткан баланы куткарып калышты. Маалыматты шаардын вице-мэри Мирлан Айтматов тастыктады.
Анын айтымында, окуя 19-июнь күнү Кызыл-Кыя шаарынын чыгыш тарабындагы Ак-Булак айылында болгон.
Сел айылда велосипед тээп ойноп жүргөн 10 жаштагы баланы агызып кеткен. Аны көрүп калган жергиликтүү жашоочулар куткарып калышкан.
"Жигиттерге жергиликтүү бийлик тарабынан ыраазычылык билдирилип, сыйлык ыйгарылат", — деди Айтматов.
Ал ошондой эле учурда жергиликтүү бийлик тарабынан селдин кесепеттерин жоюу боюнча иш жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады.
19-июнь күнү Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында катуу сел жүрүп, аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилди.