Аймактарда сел жүрөт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

Аймактарда төрт күн бою нөшөрлөп жаан жаай турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. 20-24-июнь күндөрү Кыргызстандын аймактарында нөшөрлүү жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Буга байланыштуу тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Кыргызгидромет буга чейин 17-19-июнь аралыгында катуу жаан жаап, сел жүрөрүн эскерткен. 18-июнь күнү нөшөрлөп жааган жаандан улам Кызыл-Кыя шаарында катуу сел жүрүп, өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы