Каспийден мунай ташуу токтоду. Казакстандын энергетика министринин түшүндүрмөсү

Энергетика министри ошондой эле Кашаган мунай кенинин иши дагы 1-июндан 15-июлга чейин толук токтотулганын эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Казакстандын энергетика министри Болат Акчулаков Каспий куур консорциуму (ККК) аркылуу мунай ташуу токтотулганы боюнча комментарий бергенин Sputnik Казакстан жазды.
Маалыматка караганда, буга чейин Каспий мунай куурунун акваториясынан Улуу Ата Мекендик согуштан калган 50 мина табылган. Министр деңиздин түбүн ок-дарыдан тазалоо иштери 15-июндан 25-июнга чейин созуларын билдирди. Анткен менен үчүнчү мунай ташыган жабдык ишин улантары жана калган экөөнүн ишинин убактылуу токтоп турушу экспорттун көлөмүнө таасир этпей турганы белгиленди.
Энергетика министри ошондой эле Кашаган мунай кенинин иши дагы 1-июндан 15-июлга чейин толук токтотулганын эске салды.
Эске салсак, 15-июнь күнү Каспий куур консорциумунун маалымат кызматы мунай ташыган биринчи жана экинчи жабдыктардын иши токтотула турганын билдирген. Анткен менен үчүнчү жабдык мунайды штаттык режимде жөнөтүп турарын белгилеген. Бул убакыт аралыгында эки жабдык оңдолуп, РФ ӨКМи Ата Мекендик согуштан бери калган Кара деңиздин түбүндөгү миналарды издөө жана жок кылуу иши менен алектенет.
"Бул башталышы гана". Европада заводдор токтоп калды