Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмү боюнча комиссия түзүлдү. Курамына кимдер кирди

Эки күн мурда Садыр Жапаров бул кайгылуу окуялардын жагдайларын ар тараптуу изилдеп чыгуу үчүн комиссия түзүүнү тапшырган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү жана "Айыл банк" ААК башкармасынын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өзүнө кол салуу фактыларын изилдөө боюнча жумушчу комиссия түзүлдү. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев кабарлады.
Анын курамына маркумдардын жакын туугандары, акыйкатчы Атыр Абдрахматова, Жогорку Кеңештин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген. Комиссияны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектээрин кошумчалаган.
Эске салсак, бир топ убакыттан бери тергөө абагында кармалып турган саясат таануучу Марат Казакпаев 10-июнь күнү каза болгон. Андан бир күн мурда УКМКнын тергөө абагынан эс-учун жоготуп, ооруканага комага түшкөн абалда жеткирилген. Адвокатынын айтымында, ал инсульт алып, мээсине кан куюлуп кеткен.
Экинчи өлүм 2022-жылдын 18-июнь күнү болгон. УКМКнын тергөө абагында отурган "Айыл банктын" насыяларды тескөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бакыт Асанбаевдин өз жанын кыйганы кабарланган. Ал "Айыл банк" төрагасынын орун басары болуп дагы иштегени маалым.
Президент Садыр Жапаров бул кайгылуу окуялардын жагдайларын ар тараптуу изилдеп чыгуу үчүн комиссия түзүүнү тапшырган.
Прокуратура УКМКнын тергөө абагындагы өлүмдүн себебин текшерүүдө