"Газпромбанк" Кыргызстандагы мамлекеттик сатып алуулар программасын каржылайт

XXV Петербург эл аралык экономикалык форуму
Тийиштүү меморандумга Петербург эл аралык экономикалык форумунда кол коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Россиялык "Газпромбанк" Кыргызстандагы мамлекеттик сатып алуулар программасын каржылайт. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Кызматташуу жөнүндөгү меморандумга Петербург эл аралык экономикалык форумунда кол коюлган.
Тараптар Евразия айдыңындагы өнөктөштүктүн маани-маңызын белгилеп, кызматташуунун негизги багыттарын аныкташкан.
"Газпромбанк" Кыргызстандын Финансы министрлиги россиялык товарларды сатып алуусу үчүн түз каржылоо маселесин карай турганын убадалаган.
Мындан тышкары, республиканын инвестициялык жагымдуулугун көтөрүү үчүн рейтингдин консультация берүү кызматы көрсөтүлөт.
Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форумунда
Акылбек Жапаров РФтин өкмөт башчыларынын орун басарлары менен жолукту