Араванда буюртма менен адам өлтүрүүгө бараткан кылмыштуу топ кармалды. Сүрөт

Милиция жабырлануучуну кылмышкерлерден биринчи "уурдап кетип", шектүүлөрдү кармаган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Ош облусунун Араван районунда адам уурдоого, өлтүрүүгө буюртма берген жана аткарууга даярданып жаткан деген шек менен кылмыштуу топ кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлиги билдирди.
Кармалган жарандарга карата сот тарабынан эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган
Маалыматка ылайык, кылмышкер өзүнүн тааныштарына 2 миллион сомго Баткен облусунун М.Ж. аттуу тургунун уурдоого жана өлтүрүүгө буюртма бергени тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Муну менен ал акча алуу максатын көздөгөн.
Учурда Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалып турушат
Андан ары кылмыштуу идея милициянын көзөмөлүнө алынып, "спектакль" уюштурулган.
"ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча түштүк бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери кылмышкерлер издеп жаткан адамды жасалма уурдоону уюштурушкан. Андан соң уурдалган кишинин сүрөтүн буюртма берген уюштуруучуларга көрсөтүшкөн. Дыкат жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун бардык мүчөлөрү кармалды", — деп айтылат маалыматта.
Кылмыштуу аракеттин уюштуруучусу мурда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө айыпталып бир нече жолу соттолгон 65 жаштагы П.А. болуп чыкты. Ал эми буюртманы аткаргандар 43 жаштагы Р.А. жана мурда бир нече ирет соттолгон Т.А. аттуу жаран экени жазылган. Шектүүлөрдүн жанынан баңгизат да табылганы белгиленди.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси ("Кылмышка даярдык көрүү") жана 165-беренеси ("Төлөм алуу же болбосо башка жеке кызыкчылык максатында алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан адамды уурдоо") менен кылмыш иши козголду.
Кармалган жарандарга карата сот тарабынан эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган. Учурда Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалып турушат.
Өзбекстанда оор кылмышка шектелип эки жыл изделген жаран Чүйдөн кармалды