Россиялык компаниялар ЕАЭБ өлкөлөрүнө канат жаюуга ниеттенип жатат

15-июндан 18-июнга чейин Санкт-Петербургда юбилейлик XXV эл аралык экономикалык форум өттү. Анда ЕАЭБдеги бизнести өнүктүрүү боюнча айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Россиялык компаниялар рынокту кеңейтүү үчүн Евразия экономикалык биримдигине мүчө-өлкөлөрдүн рыногун карап жатышат. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Интернет-соода компаниялар ассоциациясынын президенти Артем Соколов билдирди.
"ЕАЭБ өлкөлөрү абдан маанилүү рынок. Казакстан, Армения, Кыргызстан, Беларусь менен айрым ишканалар иштеп жатат. Бул рыноктордун келечеги кең", — деди ал.
Адистин айтымында, аталган өлкөлөргө биринчи кезекте көңүл бурулушу керек. Анткени аудитория "психикалык жактан Россияга жакыныраак жана товарларын баалайт".
15-июндан 18-июнга чейин Санкт-Петербургда юбилейлик XXV эл аралык экономикалык форум өттү. Анда ЕАЭБдеги бизнести өнүктүрүү боюнча айтылды.
ЕАЭБде интернет-соода жаатындагы кадамдар. Баа жана тейлөө кандай өзгөрөт?