БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Коронавирустан кийинки белгилердин бири уйкунун бузулушу, тактап айтканда, уйкусуздук. Кыргызстандык дарыгердин бул өксүктү кантип жөнгө салуу керектиги боюнча берген кеңешин КРдин COVID-19га каршы күрөшүү штабынын Телеграм-каналы жарыялады.
"Коронавирустан кийинки белгилердин бири — уйкунун бузулушу, тактап айтканда, уйкусуздук. Ал түндө тез-тез ойгонуу, уйкунун канбашы болушу мүмкүн. Мунун кесепети адамдын күндүзгү активдүүлүгүнө таасир этет. COVID-19 менен ооругандан кийинки айланы кетирген уйкусуздуктун себептери катуу стресс катары коронавирустук инфекциянын өзү, психикалык бузулуулар, ошол эле тынчсыздануу жана депрессия болушу ыктымал", — деп айткан дарыгер.
Коронавирус менен ооругандар уйкуну кантип жөнгө салса болот деген суроо учурда көптөрдө жаралып жатканы жашыруун эмес.
"Ковиддин оор түрү менен ооруган адамдын уйкусунун сапатын жакшыртуунун эң маанилүү фактору — кара күч жумшаган активдүүлүктүн акырындык менен көбөйүшү жана кадимки жашоого кайтып келиши", — деген адис.
Ал мындай учурда психотерапиялык ыкмалар да роль ойноорун, уйку таптакыр эле качып калса, анда дарыгерге кайрылуу зарылдыгын айткан.