Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Британия премьери: дүйнөнүн Украина көйүнөн тажай баштаганы байкалууда

Британия премьери Украина президенти Владимир Зеленский менен жолугушуу үчүн жума күнү Киевге барган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Дүйнө Украинадагы жаңжал темасынан чарчай баштады. Бул тууралуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун айтымына таянып РИА Новости жазды.
"Өзгөчө азыркы кыйын кырдаалда Украинага баруу абдан маанилүү. Дүйнө жүзүнүн Украина темасынан чарчай баштаганы байкалып жатат. Бул бизди тынчсыздандырууда", — деген Жонсон.
Белгилей кетсек, Британиянын премьери Украина президенти Владимир Зеленский менен жолугушуу үчүн жума күнү аталган мамлекетке барган.
Ага чейин Франция президенти Эммануэль Макрон, Германия канцлери Олаф Шольц жана Италиянын премьер-министри Марио Драги да Киевде болушкан. Макрон жолугушуудан кийин Украинадагы кырдаалды Владимир Путин менен телефон аркылуу талкуулай турганын айтып, Россиянын президенти менен жолугушу ыктымал экенин кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Европа лидерлери Зеленскийди Россия менен эпке келүүгө үндөштү