Жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Бул жумада өлкөдө жамгыр катуу жаабайт, көпчүлүк аймактарда өткүн өтөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, Бишкек шаарында дүйшөмбүдө жаан жаабайт, шейшембиде өткүн өтүп, шаршембиде күн ачык болот. Бейшембиде кайра өткүн өтүп, ал эми жума, ишемби күндөрү жамгыр жаабайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-июнда 14 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусу

20-22-июнь күндөрү кээ бир райондордо өткүн өтүп, 23-июнда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт.
24-июнда кээ бир райондордо өткүн өтүп, 25-июнда дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.

Талас облусу

20-21-июнь күндөрү көпчүлүк, 22-июнда кээ бир аймактарда өткүн өтөт.
23-июнда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 24-25-июнда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, бирок дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт.
Кайната-кайненемдин ичкени жаныма батты. Келиндин каты

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

Жума ичинде кээ бир райондордо өткүн өтөт.

Ысык-Көл, Нарын облустары

20-22-июнь күндөрү кээ бир райондордо өткүн өтсө, 23-24-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. 25-июнда тоолуу райондордо өткүн өтөт, бирок дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Мээ кайнаткан ысык болобу? Июль айына карата аба ырайы