БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Ачылбек Арзиев Кыргызстандын Жумгал райондук сотунун судьялыгынан президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен убактылуу четтетилди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
Президент жарлыкка Конституциянын 96-беренесинин 4-бөлүгүнө, судьялардын статусу жөнүндө Конституциялык мыйзамдын 28-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык кол койгону айтылды.
Андан сырткары, Судьялар кеңешинин сунушу боюнча алардын Башкы прокурорго сотту жоопкерчиликке тартууга макулдук бергендигине байланыштуу болгону да айтылган.
"Судьялар кеңеши башкы прокурорго кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Ачылбек Арзиев Кыргызстандын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетилди", — деп билдирген маалымат кызматы.
Эске салсак, буга чейин Башкы прокуратура Жумгал райондук сотунун судьясы А.А. менен райондук прокурордун орун басары О.Ж. кылмыш ишин токтотуу үчүн 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген.
Бирок ага Соттор кеңеши Жумгал райондук сотунун судьясы пара менен кармалды деген маалыматты четке кагып, билдирүү тараткан эле.