Петербургдагы эл аралык форумда 5,6 триллион рублдик келишимдер түзүлдү

Эл аралык иш-чарага Кыргызстандан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Санкт-Петербург эл аралык экономикалык юбилейлик XXV форумда баш-аягы 5,6 триллион рублдик келишимдер түзүлдү. Бул тууралуу РИА Новости РФ президентинин кеңешчиси, уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы Антон Кобяковго шилтеме берип жазды.
"Форумда түзүлгөн ар кыл келишимдер менен 6 триллион рублге чамалап бардык. Учурда 5 триллион 639 миллиард суммасындагы макулдашууларга кол коюлду. Бирок, албетте, коммерциялык сыр болбогон гана сандарды айтып жатабыз”, — деди Кобяков маалымат жыйында.
Санкт-Петербург эл аралык экономикалык юбилейлик XXV форумдун өтүү күндөрү 15-18-июнь деп белгиленген.
Ага Кыргызстандан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Ал Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форумдун "Евразиялык экономикалык биримдик: интеграциянын жаңы сапаты" панелдик сессиясында сүйлөгөн. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикасына тышкы фактордун таасирин азайтуу жана туруктуулукту камсыз кылуу максатында биргелешкен чараларды кабыл алуу зарылдыгын белгилеген. Андан сырткары РФтин өкмөт башчыларынын орун басарлары менен жолуккан.
Путин: бир уюлдуу дүйнөнүн доору бүттү