Улуттук банктын алтын запасынын наркы үч айдан бери тынымсыз түшүп жатат

Аны менен катар доллардын расмий курсу майдын башынан 1-июнга чейин 49 тыйынга арзандаган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Өткөн айда Улуттук банктын алтын запасынын баасы 1 миллиард 232,5 миллион сомго түштү.
1-майга карата алтындын кору 51 миллиард 423,8 миллион сомду түзүп турган, ал эми июнь айынын башында 50 миллиард 191,3 миллион сомго чейин төмөндөгөн.
Дүйнөлүк бааны карай турган болсок, Баалуу металлдардын Лондон ассоциациясынын кечки фиксингинде 1-майга карата маалымат жок. 29-апрелде бир унцийи 1911,3 доллар жана 3-майда 1 869,7 доллар болсо, ал эми 1-июнда 1 844,9 долларга бааланган.
Ошондой эле доллардын расмий курсу майдын башынан 1-июнга чейин 49 тыйынга арзандаган.
Белгилей кетсек, алтын запасынын наркы үч айдан бери катары менен түшүп жатат. Эгер 1-мартта ал 55 миллиард сомго бааланган болсо, апрелде 52,8 миллиардга чейин төмөндөгөн, ошол бойдон артка кетип жатат.

Алтын корунун наркы кантип өзгөрдү?

Былтыр туруктуу болбой, өйдө-ылдый чыгып турган, тагыраагы, майда рекорддук көрсөткүчкө жетип 99 миллиард сомдон ашса, сентябрга карата 29 миллиардга төмөндөп кеткен.
Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат: SDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерви жана төлөө каражаттары) жана алтын.
Улуттук банктын резерви 12,4 млн. долларга кыскарды