Ошто ипотекалык программа менен салынган алгачкы үй пайдаланууга берилди

Муниципалдык ипотекалык программанын алкагында жалпысынан Ош шаардык мэриясы тарабынан 215 үй-бүлө турак жай менен камсыз болот.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Ош шаарында муниципалдык ипотекалык программанын алкагында салынган биринчи көп кабаттуу үй пайдаланууга берилгенин мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, тогуз кабаттан турган 90 батирлүү үй Туран муниципалдык аймактык башкармалыгынын Достук кичи районунда жайгашкан.
1 / 8

Ош шаарында муниципалдык ипотекалык программанын алкагында салынган биринчи көп кабаттуу үй пайдаланууга берилгенин мэрия билдирди

2 / 8

Маалыматка караганда, тогуз кабаттан турган 90 батирлүү үй Туран муниципалдык аймактык башкармалыгынын Достук кичи районунда жайгашкан

3 / 8

Үйлөрдү тапшыруу иш-чарасына Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, депутаттар, ипотекалык турак жайды бөлүштүрүү боюнча шаардык комиссиянын мүчөлөрү жана калаа тургундары катышты.

4 / 8

Иш-чарада дагы эки көп кабаттуу үйдүн курулушу аяктап жатканы, алар дагы муниципалдык ипотекалык программанын алкагында берилери айтылды.

5 / 8

Үйлөрдү тапшыруу иш-чарасына Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, депутаттар, ипотекалык турак жайды бөлүштүрүү боюнча шаардык комиссиянын мүчөлөрү жана калаа тургундары катышты

6 / 8

Муниципалдык ипотекалык программанын алкагында жалпысынан Ош шаардык мэриясы тарабынан 215 үй-бүлө турак жай менен камсыз болот

7 / 8

Мындан сырткары, шаардыктардын жашоо шартын жакшыртуу максатында Ош шаарынын мэриясы тарабынан "Үлүштүк курулуш" долбоору ишке ашырылат

8 / 8

Бул долбоордун алкагында Набережная жана Тилеке баатыр көчөлөрүнүн боюна көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталды

Үйлөрдү тапшыруу иш-чарасына Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, депутаттар, ипотекалык турак жайды бөлүштүрүү боюнча шаардык комиссиянын мүчөлөрү жана калаа тургундары катышты.
"Батирлер толугу менен пайдаланууга даяр, бөлмөлөрдүн ичи жасалып, бардык инженердик коммуникацияларга туташтырылган. Газ плиталары, жуунуучу бөлмөлөрү даяр", — деди мэр Мамбетов.
Иш-чарада дагы эки көп кабаттуу үйдүн курулушу аяктап жатканы, алар дагы муниципалдык ипотекалык программанын алкагында берилери айтылды.
"Муниципалдык ипотекалык программанын алкагында жалпысынан Ош шаардык мэриясы тарабынан 215 үй-бүлө турак жай менен камсыз болот. Мындан сырткары, шаардыктардын жашоо шартын жакшыртуу максатында Ош шаарынын мэриясы тарабынан "Үлүштүк курулуш" долбоору ишке ашырылат. Бул долбоордун алкагында Набережная жана Тилеке баатыр көчөлөрүнүн боюна көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталды. Программа шаардын бардык иштеп жаткан тургундарына ыңгайлуу турак жайга ээ болууга мүмкүндүк берет", — деди мэр.
Иш-чаранын алкагында биринчи ипотекалык үйдүн ээлерине батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземи өттү.
Жеңилдетилген ипотека алууну каалагандар кайда кайрылса болот? Телефондор