Мэрия "Белестен" беш автобус алат. Меморандумга кол коюлду

Буга чейин калаа мэри ата мекендик компаниянын өндүрүшүн алуудан баш тарткан болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргызстанда өндүрүлүп жаткан автобустардан бешөөнү ала турган болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, калаанын Транспорт жана жол транспорту инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев менен Beles.kg компаниясынын башкы директору Мирбек Аскалиевдин ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду.
"Меморандумдун алкагында муниципалитет газ менен жүрө турган беш автобус алууга белсенүүдө. Алгач сыноо максатында колдонулат. Ошондой эле Бишкек шаары үчүн алдыдагы пландар жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 15-февралда аталган "Белес.kg" компаниясына барып 10 автобус заказ кылып, сыноодон өткөрүү тапшырмасын берген.
Кийин Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров аталган ишкананын автобустары базар баасынан 40-50 миң еврого кымбат деген жүйө менен сатып алуудан баш тарткан. Ошондой эле техникалык талаптарга жооп бергени тууралуу сертификаты жок экенин айткан болчу.
Ал эми 15-июнда вице-мэр Бактыбек Абдиев компания сертификаттарын алып келгенин айтып, мэрия автобусту өз каражатына сатып аларын билдирген.
Бишкекке 120 электробус алуу үчүн Азия өнүктүрүү банкы 50,6 млн. доллар бөлөт