Северодонецк шаарынан карапайым калк эвакуацияланып жатат. Видео

Шаарда эки эвакуация пункту уюштурулган. Кеткиси келгендер бул жакка өздөрү келишет же үйдөн алып кетүү өтүнүчү менен кайрылышат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Луганск Эл Республикасынын элдик кошуундары Северодонецк шаарынан карапайым калк эвакуациялап жатат. Ал жерде украин аскерлери турак жайларды аткылоосун улантып жатканын РИА Новости жазды.
Шаарда эки эвакуация пункту уюшулган. Кеткиси келгендер бул жакка өздөрү келишет же үйдөн алып кетүү өтүнүчү менен кайрылышат.
"Бир нече күндүн ичинде миңден ашык адамды алып чыктык. Көпчүлүгү балдар жана кары-картаңдар. Арасында гангрена жана башка ушул сыяктуу илдеттерге кабылгандар бар", — деди эвакуацияны уюштуруп жаткандардын бири.
Шаршемби күнү Москва убактысы боюнча саат 8.00дөн 20.00гө чейин Россия тарап Северодонецкидеги "Азот" химиялык заводунун аймагынан карапайым адамдарды эвакуациялоо үчүн Сватово шаарын көздөй гуманитардык коридор ачкан.
Песков: АКШ, ЕБ миллиондоп ачка калгандарга эмне деп жооп берерин ойлошу керек