Жыл башынан бери Кыргызстанга кайсы өлкөлөрдөн көбүрөөк инвестиция келди

Маалыматка караганда, инвестиция январь-мартта 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйүп, 278 миллион долларды түздү.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Быйылкы жылдын биринчи кварталында алыскы чет өлкөлөрдөн (КМШ мамлекеттерин эсептебегенде) келген тике инвестициянын көлөмү тууралуу Улуттук статистика комитети маалымат жарыялады.
Ага ылайык, январь-мартта 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйүп, 278 миллион долларды түздү.
Кайсы өлкөлөрдөн мурдагы жылга салыштырмалуу инвестиция көп келди:
Канада — 485 эсеге (кайра иштетүү өндүрүшү);
Швейцария – 11,6 эсеге (финансылык ортомчулук, баалуу металлдарды казуу);
Нидерланддар — 2,2 эсеге (маалымат жана байланыш, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, өндүрүш);
Улуу Британия — 2 эсеге (геологиялык чалгындоо);
Кытай — 1,9 эсеге (пайдалуу кендерди казуу, геологиялык чалгындоо);
Түркия — 24,6 пайызга (кайра иштетүү тармагы, дүң жана чекене соода).
Инвестициялардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын (32 пайыз), Чүй облусунун (27 пайыз), Талас облусунун (15 пайызы) жана Жалал-Абад облусунун (14 пайыз) ишканаларына туура келди.
Жапаров ТИМге экономикалык дипломатияны күчөтүүнү тапшырып, 6 милдет койду