Бишкекте эл аралык йога күнү белгиленет

Спорттук иш-чара 18-июнь күнү саат 18:00дө Курманжан датканын эстелигинин алдында өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бишкекте эл аралык йога күнү белгиленет. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Ага ылайык, спорттук иш-чара 18-июнь күнү саат 18:00дө Курманжан датканын эстелигинин алдында өтөт. Эл аралык йога күнү өлкөдө сегизинчи ирет өткөрүлүп жатканы айтылды.
"Катышуучулар йога менен машыгып, йога шоу, концерттик программага күбө боло алат", — деп айтылат маалыматта.
Спорттук иш-чарага кирүү жана катышуу акысыз.
Индиянын Кыргызстанда Йога борборун ачуу ниети бар. Министрлердин жолугушуусу