Аламүдүндө чет элдиктерге кол салып 3 млн. сомун алып кеткендер кармалды

Тергөөнүн версиясы боюнча, фирмага кол салуу даярдалган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Милиция Бишкектин четинде чет элдиктерге кол салуу жана үч миллион сом сакталган сейфтин уурдалышы боюнча кылмыштын бетин ачканын Чүй облустук ИИББ билдирди.
31-март күнү саат 03.00дө Аламүдүн милициясына Лебединовка айылындагы түстүү металл кабыл алган фирмалардын бирине кол салуу болгону тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге келген тартип сакчылары белгисиз адамдар үч чет элдик жаранга карата күч колдонуп, үч миллион сом сакталган сейфти алып кетишкенин аныктаган. Мындан тышкары, каракчылар видео байкоо камерасынын дискин алып кетишкен.
Шектүүлөр
Кылмышка шектүү катары 26-28 жаштагы беш адам кармалды. Алардын бири карактоону уюштурган делип, дагы бири аталган фирмада котормочу болуп иштегени белгилүү болгон. Тергөөнүн берген маалыматы боюнча, котормочу болуп иштеп келген эркек киши кылмышты алдын ала даярдап, аны достору менен ишке ашырган.
Кармалгандардын баары убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.
Москвада мекендешин уурдап 1,8 млн. рубль талап кылган кыргызстандыктар кармалды