БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Кыргызстандыктар Келдибек Маратбеков жана Анна Тиро жазган долбоорлорунун арты менен 500 миң рубль грант утту. Бул тууралуу мекендештер өздөрү билдирди.
Келдибек Маратбеков Кыргыз диаспора кеңешинин эл аралык мамилелер боюнча координатору болуп дагы эмгектенет. Анын айтымында, Оренбургда 8-июндан 14-июнга чейин Евразия Global эл аралык жаштар форумунун аянтчасында Горчаков фондунун чет элдик жеке тараптарга багытталган гранттык сынагы өткөн.
Анда калыстар тобу 30 мамлекеттен келген 70 эмгектин ичинен сегиз долбоорду тандап алышкан. Анын экөө кыргызстандык Келдибек Маратбеков жана Анна Тирого таандык. 500 миң рубль грант уткан мекендештер каражатты долбоорлорун ишке ашырууга жумшашат.
Сынак боюнча Абхазия, Өзбекстан, Палестина, Донецк Эл Республикасы жана Беларустан келген катышуучулар дагы жеңүүчү аталды.
Грант үчүн жалпы жонунан 2 миллион 300 миң рубль бөлүнгөн.
Горчаков фондунун конкурсу алты жылдан бери чет элдик жаштарга гранттык колдоо алууга жардам берип келет.