Россиянын Иркутск шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылды

Каттам дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү аткарылат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Иркутск — Бишкек — Иркутск багыты боюнча жаңы туруктуу авиакаттам ачылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аталган багыт боюнча авиакаттамдарды "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы аткарат.
"16-июнда Бишкекке биринчи каттам менен 96 жүргүнчү учуп келди. Каттам жумасына эки жолу, дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү аткарылат. Учуу убактысы төрт саат", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Красноярск шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылган. Ал жумасына үч ирет аткарылат.
Россия Кыргызстан менен болгон транспорттук каттамга коюлган чектөөнү жойду