БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердүүлүгүн ар тараптуу жана көз карандысыз иликтөө боюнча комиссия өз ишин жыйынтыктаганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, аталган комиссия өлкө башчы Садыр Жапаровдун чечими менен министр кармалган соң түзүлгөн. Ага чейин Башкы прокуратура Бейшеналиевди коррупцияга барган, пара талап кылган, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кармаган. Комиссия түзүүгө министр менен баш прокурордун жеке мамилеси да себептердин бири болуп, Курманкул Зулушев менен Бейшеналиев кызматтарынан четтетилген. Президент комиссияны иштин аныгына жетүү үчүн атайын түзгөнүн айткан болчу.
Маалымат кызматы тараткан билдирүүдө комиссия Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата жети кылмыш ишин козгогонун аныктаганын белгиледи.
"Комиссия саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин COVID-19га каршы эмдөөлөрдү жайылтуу тууралуу улуттук планды ишке ашыруу боюнча, коронавирус инфекциясына каршы иммундаштырууну уюштуруу жана жүргүзүү, анын ичинде коронавируска каршы вакциналарды сатып алуу, 2021-жылы чет өлкөлөрдөн гуманитардык жардамдардын (вакциналардын) келиши боюнча ишмердүүлүгүн иликтеди. Мындан тышкары, комиссия Саламаттык сактоо министрлигиндеги иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана кадрлар боюнча иштерди иликтеди", — деп айтылат маалыматта.
Конституциянын 57-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемине ылайык, ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана соттун өкүмү менен аныкталмайынча кылмыш жана/же жорук жасаганга күнөөлүү деп эсептелбестигин эскертти.
Белгилей кетсек, бүгүн камактагы Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыгарылып, ал эми ишинен убактылуу четтетилген баш прокурор Курманкул Зулушев кайра кызматына кайтып келди.