Философ Фукуяма. Батыштагы талкуунун кызыктары

Батышта кызык бир талкуу жүрүүдө. Макрондун "Россияны басынтпоо керек" деген билдирүүсү дале ал жактагылардын көңүл борборунда. Саясатчылар гана тургай, эми кезек аң-сезимге таасир этчү аалымдарга да жеткендей...
Sputnik
Америкалык философ Фрэнсис Фукуяманын WELT басылмасына Россия тууралуу курган маегине Петр Акопов баам салган.
Бул киши 1989-жылы либералдык демократиянын доору башталганына көзү ачыктык кылып таанылган. Азыр Фукуяманы Киевдегилер жактырып, жакында эле Украинаны калыптандыруу боюнча улуттук кеңешке кошушканы маалым. Коомчулук анын алгачкы ойлорун март айында эле – РФтин атайын операциясы башталгандан көп өтпөй тыңдаган.
Анда америкалык профессор: "Бул өлкө, Украина үчүн гана күрөш эмес. Картага кеңири либералдык-демократиялык түзүмдүн тагдыры коюлган. Чындыгында бул либералдык демократияны падышачылыктын бүтүндөй экспансиясын кайра кайтаруу аракети", – деген эле.
Июндун башында Фукуяма: "Жаңы тартип дал азыр түптөлүүдө. Бул – Батыштын демократиялык мамлекеттер лагеринин авторитардык режимдердин, мисалы, Россия менен Кытайга каршы көп жылдык күрөшүнүн натыйжасы. Бул согуш аталган процессти жыйынтыктайт. Россия согуш талаасында утулуп барат.
Бул – Путиндин утулушу, согушта гана эмес, кеп толук саясий кыйроодо. НАТО, балким, Швеция жана Финляндия менен "канаты узарар". Батыш көптөн бери мынчалык бирдиктүү болгон эмес. Германия соңку 40 жылда өзүнүн Чыгыш саясатын кайра карап чыгып, Украинаны оор курал-жарак менен камсыздоодо.
ЖМК: Украина бийлиги Россияга каршы санкциялар натыйжасыз экенин моюндады
АКШ кайрадан дүйнөдө өзүнүн алдыңкы ролу жөнүндө билдирген. Батыш кол салууга кабылган Украинага топтошуп көмөк көрсөтүүдө. Россияга мындай туңгуюктан чыгуу өтө оор болот. Ал эл аралык дүйнө түзүмүнөн Түндүк Корея сыяктуу сүрүп чыгарылат", – деген ойлорунан бөлүштү.
Эгер Фукуяманын оптимизми реалдуулуктан таптакыр алыс десеңиз, алар эмнеге негизделгенинен кабарыңыз жок. Профессордун Россия президенти туурасында көз карашы бар. "Путин жеке өзү, эч кандай чектөөсүз башкарып, маалыматтардан жана эксперттик кеңештерден оолак калган. Өзүнүн дүйнөсүндө жашайт. Украина буга мисал. Бул жааттагы эсептеринин баары туура эмес, бирок ошол жаңылыш пикирлерин бекем карманат. Анткени бир адамдын үстөмдүгүн түзүп алган. Мындан сырткары, акыл саламаттыгында да мандем бар. Эч кимге кулак салбай өз ой чабытынын жетегинде гана жүрөт. Айтор, бул – бардык авторитардык өлкө үчүн кадыресе коркунуч" дейт. Акыркы жылдары Киевге байма-бай каттаган Фукуяма булардын баарын украиналык досторунан жана "саясий эмигранттардан" көп тыңдаган өңдүү. Кептин баары – мындай түшүнүк Фукуяма изилдеген илимге эч кандай тиешеси жоктугунда. Россиянын тегерегиндеги бул окуялар, анын Батыш менен алакасынын тарыхы, дегеле азыркы геосаясий процесстер жана тенденциялардын баары жасалма.
Ал эми Фукуяманын кезектеги көз ачыктыгында эки учур кызык. Биринчиден, Батыш тарабынан эң таасирдүү философ деп таанытылган профессордун тарыхтын тамырын туя албаган үгүтчүгө айланышы. Экинчиден, Фукуяма Батыш үчүн дале беделдүү жана ойчул болуп саналат. Башкача айтканда, азиз азиздерди ээрчитип бараткандай. Өкүнүчтүүсү, Сорос, Фукуяма жана ааламдашуунун башка аалымдарына коом гана тургай, Батыштын нугун аныктап, күн тартибин түзгөндөр да мурдагыдай эле кулак салат.
Батыш эмне үчүн согушка кызыкдар? Кыргызстандык экономист дүйнөлүк кризис тууралуу