Зыяратчылардын алгачкы тобу ажылыкка сапар алды

Алгачкы топ менен 405 адам кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Аравия Падышалыгынын Медина шаарына учуп кетти. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, алгачкы топто 405 адам бар экени айтылды. Аларды сегиз ажы башчы жана штаб жетекчиси, дарыгерлер коштоп кетти.
Эске салсак, Сауд Аравиянын (САП) Ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 2 766 орун бөлгөн.
Курман айттын кайсы күнгө туш келерин болжолдуу айтышты. Муфтияттын билдирүүсү