Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыгарылды

Буга чейин министр бюджеттик каражатты мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштурду деп кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Кызматтан четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыгарылды. Маалыматты Бишкек шаардык сотунан тастыкташты.
Кабарда анын үй камагында 2-июлга чейин болору айтылган.
Буга чейин министр бюджеттик каражатты мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштурду деп кармалган. Кеп вакцинаны негизсиз сатып алуу тууралуу болуп жатат. Ага алгач Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен кылмыш иши козголгону айтылган. Андан кийин Башкы прокуратура ага карата жалпы жети кылмыш ишин козгогонун билдирген.
Октябрь райондук соту Бейшеналиевдин бөгөт чарасын карап, 2-июлга чейин УКМКнын тергөө камагына киргизүү чечимин чыгарган.
Адвокат чечимге даттанып, Бейшеналиев жүрөк оорусунан улам камакта кала албай турганын жүйө келтирген.
Бейшеналиевдин орун басары жана Эмдөө борборунун жетекчиси да камакка алынды