Милиция жайкы сезон башталары менен Ысык-Көлдүн жолдорунда күнү-түнү каттам токтобой турганын эскертти. Бирок узак жол жүрүп чарчап калган айдоочулар жол кырсыгына кабылуу тобокелчилигин жогорулатарын белгиледи.
"Ысык-Көл облустук ЖКККБ бардык айдоочуларды шашылбай, токтоп эс алып, андан соң жол тартууга чакырат. Саякатка келген жарандарды да айдоочулардын эс алуусуна көңүл бурушун өтүнөбүз", — деп жазылат кайрылууда.
Жыл башынан бери Ысык-Көл облусунда уктап кетип жол кырсыгына кабылган беш факты катталган. Мунун кесепетинен беш адам каза болуп, он бири ар кандай жаракат алган. Анын ичинен бешөө жаш бала.
Тема боюнча: