БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу кыз Валентина Шевченко Бишкекке келди. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу Элан Абдыкеримов пост жазып, сүрөт жайгаштырган.
"Бүгүн Валентина Шевченкону тосуп алдык. Үйгө кош келдиң!" — деп жазган ал.
Анда Валентина Шевченконун жетинчи ирет чемпиондугун коргогон курун тагынып, Кыргызстандын туусу сайылган мотоциклди минип турганын көрүүгө болот. Сүрөт Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" борбордук аянтында тартылган.
Эске салсак, жакында эле Шевченко UFC уюмундагы кыз-келиндер арасында чемпиондук титулун эң көп коргогон мушкер болуп калды.
Ал мындай рекордду Сингапурда өткөн UFC 275 турниринде жаратты. Анда Шевченко бразилиялык Тайла Сантос менен беш раундга чейин мушташып, натыйжада калыстардын чечими менен жеңишке жеткен. Муну менен кыргызстандык спортчу чемпиондук макамын жети жолу коргоп, UFC уюмундагы кыз-келиндер арасында рекорд койду.