Бишкек мэриясы "Белестин" автобустарын кайра сатып ала турганын билдирди

Буга чейин калаа мэри компаниянын сертификаты жоктугун, автобустары кымбат экенин айтып, алуудан баш тарткан болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясы "Белес.kg" компаниясынын автобустарын сатып ала турган болду, макулдашуу даярдалып жатат. Бул туурасында вице-мэр Бактыбек Абдиев парламентте билдирди.
"Бир ай болуп калды, бул ата мекендик компания бизге сертификаттарын алып келди. Бүгүнкү күндө мэрия макулдашууну даярдап жатат. Автобустарды өз каражатабызга сатып алалы деп жатабыз", — деди Абдиев.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров "Белес.kg" компаниясынын автобустары базар баасынан 40-50 миң еврого кымбат экенин айтып, сатып алуудан баш тарткан. Ошондой эле техникалык талаптарга жооп бергени тууралуу сертификаты жок экенин айткан болчу.
Анын алдында президент Садыр Жапаров аталган ишканага барып 10 троллейбус жана 10 автобус заказ кылып, сыноодон өткөрүү тапшырмасын берген.
Депутат Кадырбеков: Бишкек мэри президенттин сөзүн өлтүрүп жатат