Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт

Континенталдык чемпионаттар 19-26-июнь аралыгында борбордогу "Bishkek Arena" муз аянтында өтмөкчү.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Борбор калаада бул жумада грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 23, 17 жаштан жогору курактагылар арасында Азия чемпионаты башталат. Бул туурасында Кыргызстандын Спорттук күрөш боюнча федерациясынан кабарлады.
Континенталдык чемпионаттар 19-26-июнь күндөрү борбордогу "Bishkek Arena" муз аянтында болот. Анын алдында 18-июнда UWW-Asia башкы ассамблеясынын отуруму күтүлүүдө.
Эки жаш курактагы категория боюнча бир учурдагы мелдеш алгачкы ирет өткөрүлмөкчү.
Чемпионатты Бишкекте өткөрүү чечимин Кыргызстандын күрөш федерациясынын президенти, UWW Asia (Азия федерациясы) аткаруу комитетинин мүчөсү Мелис Турганбаев менен UWW Asia президенти Даулет Турлыханов кабыл алган.
Акжол Махмудов дүйнөлүк курама командага кирди. Беттеш Германияда өтөт