Рысбеков: Казакпаевдин оорусу кишини абакта кармабай турган илдеттердин тизмесинде эле

Саясат таануучу тергөө абагында эс-учун жоготуп ооруканага түшүп, көп өтпөй каза болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Саясат таануучу Марат Казакпаевдин диагнозу абакта кармоого мүмкүн болбогон оорулардын тизмесинде болчу. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков парламентте билдирди.
Ал Казакпаев кармалгандан кийин жеке өзү үч жолу кирип жолугуп чыкканын белгиледи.
"Акыркы ирет ооруканага түшөр алдында, 7-июнда киргенбиз. Бирок ал адвокаты менен болгондуктан биз сүйлөшө алган эмеспиз. Быйыл 26-апрелде бизге анын жубайы ден соолугуна байланыштуу кайрылган. Ошол эле күнү биз УКМКнын тергөө абагына кайрылганбыз. Анда Казакпаевди Саламаттык сактоо министрлигинин мекемелеринде медициналык кароодон өткөрүү зарылчылыгын суранганбыз. Кийин ал ооруканага жаткырылган. Ал эми 9-июнда биз Казакпаевдин диагнозу өкмөттүн токтому менен бекитилген абакта кармоого мүмкүн болбогон оорулардын тизмесине кирет деп кайрылуу жөнөткөнбүз. Андай оорусу менен жабык имаратта кармоого мүмкүн эмес болчу", — деди Рысбеков.
Эскерте кетсек, бир топ убакыттан бери тергөө абагында кармалып турган саясат таануучу Марат Казакпаев 10-июнь күнү каза болгон. Андан бир күн мурда УКМКнын тергөө абагынан эс-учун жоготуп, ооруканага комага түшкөн абалда жеткирилген. Адвокатынын айтымында, ал инсульт алып, мээсине кан куюлуп кеткен.
Аракет кылдык... Ташиев саясатчы Казакпаевдин өлүмү боюнча үн катты