Депутат: Жээнбековго жан сакчынын кереги жок, Кара-Кулжада кой кайтарсын. Видео

Эл өкүлү президент менен спикерден башкасын кайтаруу негизсиз деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев экс-президенттерди мамлекеттин эсебинен кайтаруудан баш тартууну сунуштады.
УКМКнын 9-кызматынын жетечиси Жумгалбек Шабданбеков суроолорго жооп берип жатып учурда экс-президенттерден Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдун кайтарыла турганын айтты.
"Сооронбай Шариповичти кайтарып эмне кыласыңар? Кайсы эмгеги үчүн? Кара-Кулжага барып кой кайтарбайбы. Эмне үчүн Отунбаевага мамлекеттик кайтаруу берилет? Мамлекетке акча издеп жүрсөк, бюджет толбой жатса, карызга батып жатсак, аларды кайтарып кереги жок. Мамлекеттик карызга батырганы үчүн кайтарабызбы?" — деди Токторбаев.
Ошондой эле ал президент менен Жогорку Кеңештин төрагасына гана мамлекеттик кайтарууну калтырып, калганынан алып салуу керектигин айтты.
"Калганы троллейбуста жүрсүн, эмнеден коркушат. Жүрө берсин эл катары, же бизде жан сакчы менен жүргөн модабы? Баарынын жан сакчысы бар. Кереги жок, кайтарууну алып салалы. Депутаттарга да ушуну сунуштайм", — деди депутат.
Бүгүн парламентте "Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Анда мамлекет башчыны, экс-президенттерди (үй-бүлөсүн), Жогорку Кеңештин төрагасын, министрлер кабинетинин төрагасын, Жогорку соттун жана Конституциялык соттун төрагаларын мамлекеттик кайтарууга алуу каралган.
Жанар Акаев: түрмөнү криминал башкарып калды, акчасы жоктор кыйноого кабылууда