Кыргызстанга ККМ да, казино да керек. Экономика министри Амангелдиев менен маек

Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев коомчулукта кызуу талкуу жараткан казино жана кассаны көзөмөлдөгөн автоматтык машина (ККМ) боюнча Sputnik агенттигинин суроолоруна жооп берди.
Sputnik
Министрдин айтымында, казино сыяктуу каражат алып келген булактардын арты менен Кыргызстандын жолдорун оңдоп, айлык акыны көбөйтүүгө жол ачылат.
— Кыргызстанда казино ачууга уруксат берген мыйзам долбоор ар кыл пикирлерди жаратууда. Эгер бул долбоор колдоо тапса кандай шарт менен иш алып барат?
— Пайдасы абдан чоң. Эки Кумтөрдөн түшкөн кирешени бере алат. Учурдан пайдаланып элге жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берейин. Биз буга чейин салык менен бажыдан түшкөн каражаттын көзүн карап келгенбиз. Былтыртан бери "Кумтөр" кошулуп казынага кадимкидей сезилерлик кошумча жардам болуп жатат. "Кумтөр" сыяктуу киреше берген дагы беш-алты кошумча булактарыбыз болсо тездик менен алдыга жылып кетебиз. Ошон үчүн кечээ жакында "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушун баштадык. Эмдиги жылы Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун баштаганы турабыз. Себеби булар дагы "Кумтөрдөн" кем эмес пайда берген киреше булак болот. Бирок бул долбоорлорду ишке ашырууга 7-8 жыл убакыт талап кылынат. Ошондуктан "алма быш, оозума түш" деп карап отурбастан, башка дагы киреше булактарын издешибиз керек. Ал булактардын бири – казино. Бул дароо киреше бере турчу багыт. Биз мамлекет болгондон кийин кандай болбосун киреше алып келген булактарды издешибиз керек. Айрым дүйнөнү дүңгүрөткөн өлкөлөр, керек болсо, мамлекетине киреше табуу үчүн кайсы бир өлкөгө согуш ачып, адамдардын канын төгүп жиберип жатышпайбы. Согуш болгон жерге курал сатып байышат, эмгек акысын көтөрүшөт, жолдорун оңдошот, мектептерин салышат, инфраструктурасын жакшыртышат. Кыскасы, ушинтип өнүккөн мамлекеттер бар. Бизди кудай согуштан сактасын, бирок башка жолдор менен мамлекетибизди оңдошубуз керек да.
Эл бизге "жашообузду оңдоп бергиле, жаңы мектептерди куруп бергиле, жолдорубузду оңдогула, эмгек акыларыбызды көтөргүлө" деген талаптарды коюп жатышат. Мисалы, өлкө боюнча 247 мектеп эски, дээрлик жараксыз абалда турат. Булар – 60-жылкы мектептер. Балдарыбыздын саны болсо өсүп жатат. Жыл сайын 375 орундуу 24 мектеп салып турушубуз керек. Бул 2 миллиард сомду талап кылат.
498 мектепке капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жасоо зарыл. Эмеректери болсо эски. Жыл сайын жасалчу ремонтко 445 миллион сом талап кылынат. 117 миллион сомго кеңсе жана чарба товарлары керектелет. Эмгекке катышуу коэффициентине 1 миллиард 275 миллион сом керек. Мугалимдер жетишсиз. 1900 мугалимди аймактарга жиберишибиз керек. Алар үчүн 200 миллион сом керек. Лабораторияларга (химия, физика, биология) 2 миллиард 150 миллион сомдук муктаждык бар. Жалпысынан билим берүү тармагына эле 152 миллиард сом талап кылынат.
Данияр Амангелидев: салык менен бажыны карап отура берсек, ал жактан түшкөн каражат эмгек акыдан, пенсиядан, жөлөк пулдан ашпайт
Жакында эле социалдык мекемелерде иштеген мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акыларын көтөрдүк. Күзүндө калган министрликтердин айлыгын жогорулатуу зарыл. Аларга дагы миллиарддаган акча керек. Биз аны кайдан табабыз? Салык менен бажыны карап отура берсек, ал жактан түшкөн каражат эмгек акыдан, пенсиядан, жөлөк пулдан ашпайт. Анда эч эле өнүкпөйбүз. Дагы жакшы "Кумтөр" өзүбүзгө өтүп калып, ошол жактан түшкөн пайдага анча-мынча "Камбар-Атага" окшогон долбоорлор ишке аша баштады. Эми "Кумтөргө" окшогон киреше бере турган булактарды көбөйтүшүбүз керек. Алардын катарында казино, темир жол, "Камбар-Ата" сыяктуу чоң долбоорлор бар.
Жолдорубуз боюнча дагы бир мисал айта кетейин. Кыргызстандагы автожолдордун жалпы узундугу 34 000 чакырымды түзөт. Асфальт жана бетон катмары бар автожолдордун узундугу 7000 чакырым болсо калганы шагыл жолдор. Асфальт жана бетон катмары бар 7000 чакырым автожолдун ичинен 3800 чакырымынын акыркы 12 жылдын ичинде асфальты жаңыртылып, учурда абалы жакшы. Бул автожолдорго утурумдук оӊдоо иштери жүргүзүлүп турат. Калган автожолдорго капиталдык оңдоп-түзөө иши талап кылынат. 1000 чакырым жолго асфальт төшөлгөнүнө 20 жыл болсо, 2200 чакырым жол союз учурунда салынган жана аң-чөнөктөр көп болгондуктан оңдоого ири сумма талап кылынууда.
12000 чакырымга созулган шагыл автожолдун 5000 чакырымына асфальт төшөө керек. Мунун баарына акчаны кайдан табабыз? Эмгек акыны кантип көтөрөбүз? Маселени чечүү үчүн ушул сыяктуу киреше алып келген булактарды коркпой ачышыбыз керек. Жеке бирөөнүн кызыкчылыгы эмес, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн болуп жаткан иш. Бизде казинолордун ачылышына сырткы күчтөр каршы. Анткени аларга түшүп жаткан каражат бизге ооп кетет. Ушуга байланыштуу дагы бир окуяны эсиңиздерге салып коёюн. Ат-Башыга логистикалык борбор курулуп башталганда эл ызы-чуу салып, курдурбайбыз деп кууп чыгышкан. Дал ошол ызы-чуу дагы сырткы күчтөрдүн түрткүсү менен болгон. Себеби товарлар бир гана Ат-Башы аркылуу өтүп калмак. Эл байкуш түшүнүп-түшүнбөй, талдап-талдабай эле кууп чыгышкан. Чындыгында ал логистикалык борбор эл үчүн аба менен суудай керек болчу. Аны ошол мезгилдеги бийлик башындагылар элге туура жеткире албай коюшкан. Кийин бийлик башына Садыр Нургожоевич келип, Ат-Башыга барып, эл менен жолугуп, туура түшүндүргөндөн кийин логистикалык борбор салынса, эл үчүн пайда экенин түшүнүшүп, "макул, салгыла" деп уруксатын беришкен. Бирок сала турган инвесторлор кетип калышты. Биз аларды качырып жибергенбиз. Азыр эми президентибиз Садыр Нургожоевич "мен кепилдик берем, келгиле, салгыла" десе дагы инвесторлор келбей жатат. Мындайча айтканда, "чакырганга келбеген - ымдаганга зар болот" болуп жатабыз. Салалы деп келсе кууп жиберип, эми суранып келтире албай жатабыз. Казиного байланыштуу дагы ушундай болуп калбасын деген кепти айткым келип турат. Бул – мамлекеттин иши. Мамлекеттин ишине ар ким эле кийлигише бербеши керек. Анан дагы казино чет өлкөлүк туристтер үчүн гана ачылып жатат. Биздин жарандардын киришине мыйзам менен тыюу салынат. Бирөө желкеңен жетелеп, "казиного кир" деп кыйнабайт. Тескерисинче, ким кирсе, укук коргоо органдары камап коёт. Казино ээси дагы кыргыз жарандарын киргизгенге кызыкдар эмес. Анткени казино ээси бир миллион долларга алган бир жылдык лицензиясынан ажырап калат. Келишим ошондой түзүлөт.
Данияр Амангелидев: Азыр 21-кылым. Бардык өлкөлөрдө ККМ иштеп, кардарларга чек чыгарып беришет. Ал эми биз 10 жыл мурда киргизилген патент менен иштеп жатабыз
— Кассаны көзөмөлдөгөн машинаны (ККМ) киргизүүнүн зарылдыгы канчалык? Мурдагыдай эле патент менен иштесе болбойбу?
— Азыр 21-кылым. Бардык өлкөлөрдө ККМ иштеп, кардарларга чек чыгарып беришет. Алыс барбай эле кошуна өлкөлөрдү карап көрөлү. Дүкөндөрдү мындай коёлу, автобуска түшсөң дагы чек берет. Ал эми биз 10 жыл мурда киргизилген патент менен иштеп жатабыз. Бул ыкма байлар менен орто жашагандарга ыңгайлуу ыкма болуп калды. Анткени алар патент менен иштегендерге товарларын дүңүнөн кымбат сатып ийип, салык кызматына берген отчётуна "арзан саттык" деп көрсөтүп коюп жатышат. Биз ошолорду ККМ аркылуу ачыкка чыгаралы деп жатабыз. Ошол эле убакта майда соода кылган карапайым калкыбызга өкмөт тараптан чоң жардам кылып, буттарына тез туруп алышы үчүн соодасы бир жылда 8 миллион сомдон ашпагандарга бир тыйын салык төлөбөй иштегиле деп атабыз. Патент дагы алба, болгону "товарды кимден алсаң эсеп-фактурасын ал, анан элге сатканда чек басып берип тур" деп жатабыз. Айылдарда соода кылгандар "биз товарды карызга беребиз, кантип чек басабыз" деп жатышпайбы. Басып бере беришсин да. Баары бир кайсы күнү болсо да акчасын алышат эмеспи. Ал эми сооданын көлөмү 8 миллиондон ашпаса бир тыйын салык төлөбөйсүң. Кыскасы, мында дүңүнөн товар саткандарды салыкты жашырбай толук төлөсүн деген максат коюлуп жатат. Байлар салык төлөбөйт, ал эми майда соода кылган карапайым калк патент менен болсо да салык төлөп жатышат. Бул жагы калыстыкка жатпайт да. Ошол үчүн ККМди баары алып иштеп баштаса, салык жашырган ишкерлер жок болот эле. Эмгек акылар, пенсия менен жөлөк пулдар салыктын эсебинен көбөйтүлөрүн унутпашыбыз керек.
Буга чейин патент төлөгөн ишкерлерге салык салуунун өз ара алгылыктуу механизмин иштеп чыгуу үчүн министрлер кабинети чакан бизнестин, жарандык коомдун жана тиешелүү мамлекеттик органдардын активисттеринен турган жумушчу топту түздү, анда чектик сумманы 8 миллион сомдон 16 миллион сомго чейин босого чегин көбөйтүү каралган, бул болсо патенттин наркын жүгүртүүгө, соода аянтына, ишмердүүлүктүн түрүнө байланыштуу болот.
Бул экономикалык мыйзам, депутаттар аны колдоого алып эң туура кылып жатышат. Казынаны толтуруш үчүн жаңы каражат булактарын ачышыбыз керек.
Жапаров: ККМди киргизүүнү жана берилбеген чек үчүн айып салууну токтотуп турабыз