Жапаров ТИМге экономикалык дипломатияны күчөтүүнү тапшырып, 6 милдет койду

2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасы кабыл алынган. Ага ылайык, жылына ИДПнын 13 пайызынан кем эмес (жылына болжол менен 1 миллиард доллар) чет элдик инвестиция тартылышы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги экономикалык дипломатия боюнча ишти күчөтүшү зарыл. Мындай тапшырманы ведомствонун алдына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров койгонун өкмөттөн кабарлады.
Эске салсак, 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасы кабыл алынган. Ага ылайык, жылына ИДПнын 13 пайызынан кем эмес (жылына болжол менен 1 миллиард доллар) чет элдик инвестиция тартылып, экономиканын ар жылдык реалдуу өсүү темпи беш пайыздан ашышы керек.
"Биз сиздерден социалдык-экономикалык маселелерди жана алдыга коюлган милдеттерди чечүүдө конкреттүү жыйынтыктарды күтөбүз. Чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелердин иши тийиштүү деңгээлде аткарылбаса, жылдын соңунда өлкө жетекчилиги тарабынан тийиштүү чечимдер кабыл алынат", — деди Жапаров.
Анын айтымында, министрлик жана чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелердин алдына төмөнкү милдеттер коюлган:
өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү;
эки тараптуу инвестициялык фонддорду түзүү үчүн инвестицияларды, жеңилдетилген кредиттерди, кошумча финансылык ресурстарды тартуу;
республиканын экспорттук потенциалын эске алуу менен "экспорттук корзинаны" иштеп чыгуу;
2022-жылдын соңуна карай конкреттүү максаттуу көрсөткүчтөр менен экспортту илгерилетүү боюнча Жол картасын ишке ашыруу;
Кыргызстан менен кызматташуусу жөнгө салынган өлкөлөрдүн жарандарына виза берүүнү жөнөкөйлөштүрүү, виза саясатын өркүндөтүү маселесин иштеп чыгуу;
туристтик визаларды алуу үчүн арыздарды кароо убактысын кеминде 36 саатка чейин кыскартуу.
Евразия экономикалык комиссиясынын фокусунда. Жашыл экономиканын перспективасы