Адылбек Касымалиев өкмөт башчынын биринчи орун басарынын милдетин аткарат

Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
"Аны жарлык менен министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызмат ордуна дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизүү жөнүндө токтом кылынат", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулганы кабарланган.
Саламаттык сактоо министринин орун басарлары бошотулуп, жаңылары дайындалды
Саламаттык сактоо министринин орун басарлары бошотулуп, жаңылары дайындалды