Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский Германия канцлери Шольцко ультиматум койду

Украинанын президенти Германияны АКШ, Улуу Британия жана Евробиримдиктин башка өлкөлөрүнөн кийин гана жардам көрсөтө баштады деп нааразы болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Украинанын президенти Владимир Зеленский канцлер Олаф Шольцту Украина кризисиндеги Германиянын позициясын сынга алды. Бул тууралуу анын ZDF каналына курган маегине шилтеме кылып РИА Новости жазды.
"Шольц жана анын өкмөтү чечим кабыл алышы керек. Украина менен Россиянын ортосундагы мамиледе тең салмактуулукту сактоо аракети жарабайт", — деди Зеленский.
Мындан тышкары, ал Германияны АКШга, Улуу Британияга жана Евробиримдиктин Чыгыш өлкөлөрүнө караганда Украинага жардам көрсөтүүнү кечирээк баштаганы үчүн жемеледи. Анын айтымында, Берлин Украина менен да, Россия менен да жакшы мамиледе болуу позициясынан кайтышы керек.
Ошондой эле Шольцтун Киевге пландалып жаткан сапары учурунда Россияга каршы катаал санкцияларды жарыялап, Украинанын Евробиримдикке талапкер статусун колдоп чыгышы керектигин айтты.
Буга чейин ЖМКлар жазгандай, Германиянын канцлери Италиянын премьер-министри Марио Драги жана Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен бирге 16-июнда Киевге барууга ниеттенген. Ошол эле учурда Зеленский Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайерди кабыл алуудан баш тарткандан кийин Шольц Украинага барбай турганын билдиргени кабарланган.
Ак үй Жо Байдендин экинчи президенттик мөөнөткө баруу ниетин тастыктады