Кыргызстанда алгачкы жолу кыргыз тайганына арналган көргөзмө өтөт

Анда кыргыз тайганы тууралуу тарыхый, археологиялык, этнографиялык материалдар жана артефактылар чагылдырылат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстанда алгачкы жолу "Бабалардын баа жеткис мурастары: Тайган" аттуу көргөзмө өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Иш-чара 15-июнда саат 14:00дө Улуттук тарых музейинде уюштурулат.
"Анда кыргыз тайганы тууралуу тарыхый, археологиялык, этнографиялык материалдар жана артефактылар чагылдырылат. Көргөзмөгө президенттин администрация өкүлдөрү, Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын өкүлү Сабира Солтонгелдиева, ардагер тайганчылар катышып, архивдик, заманбап сүрөт, видеоматериалдар көрсөтүлөт", — деп айтылат маалыматта.
"Кыргыз тайганы" долбоорун ишке ашыруу учурунда 2018-жылдан бери көптөгөн тарыхый, археологиялык материалдар табылганы айтылып, көргөзмө аркылуу коомчулукка тайган тууралуу так маалыматтарды жеткирүү пландалып жатканы кошумчаланды.
"Учурда көргөзмөгө тайган жөнүндө маалыматтарды камтыган түрдүү экспонаттарды кабыл алуу жүрүп жатат. Экспонат катары жыгачтан, колодон, чоподон жасалган, таш, кездеме, кагаздын же башка материалдардын бетине тайгандын элеси түшүрүлгөн буюм-тайымдар каралат. Ошондой эле түрлүү булактардан алынган илимий, адабий материалдар дагы коюлат. Эң жакшы экспонаттардын ээлерине сыйлык бар", — деп жазылат билдирмеде.
Иш-чара 15-июндан 30-июнга чейин боло турганы кошумчаланды.
Ителгинин тебүү техникасын камера да тартып жетишпейт. Мүнүшкөрдүн кызыктуу маеги