Сасык тумоологондор арбып жатат, алардын көбү балдар. Министрлик эскертти

Өткөн аптада курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккан 3 404 учур катталса, алардын 77 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстанда сасык тумоологондор арбып жатат, алардын жарымынан көбү балдар экендигин Жугуштуу, паразитардык илдеттердин алдын алуу жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Динара Оторбаева билдирген.
Анын айтымына караганда, 6-12-июнь аралыгында курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккан 3 404 учур катталып, өткөн аптага караганда бир пайызга көбөйгөн. Сасык тумоологондордун 77 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзгөн.
"Курч респиратордук вирустук инфекциянын күчөшүн аба ырайынын өйдө-төмөн (күн 37 градуска чейин ысып, кайра кескин салкындап кетиши) болуп турушу шарттады. Мындай кырдаал организмдин коргонуу күчтөрүнүн түшүп кетишине алып келет. Чоң кишилер ооруп калганда санитарык-гигиеналык тартипти сактап үйдө жатпай басып жүрө берип, балдарга жана башкаларга жугузуп жатат", — деген ал.
Оторбаева бул сасык тумоонун толкунун РС-инфекция, парагрипп, метапневмовирустар, аденовирустар сындуу курч вирустук инфекциялар шарттап жаткандыгын айтты. Алар өлкөдө жыл сайын катталып турарын кошумчалады:
Сасык тумоого, коронавируска, гриппке чалдыкпаш үчүн төмөнкү жөнөкөй эрежелерди сакташ керек:бБет кап тагынуу жана аралыкты сактоо;
респиратордук гигиена — жөтөлүп, чүчкүргөндө алысыраак туруп жана сөзсүз ооз менен мурунду салфетка менен жабуу;
табы болбой, грипптин белгиси байкалып, эти ысыгандарды дароо обочолонтуу;
санитардык-гигиеналык эржелерди сактоо (колду жууп, бөлмөнү желдетип, суу чүпөрөк менен сүртүп туруу жана башка чаралар).
Радио
Үсөнбаев: өлкөдө төрт айда суу чечек оорусунун 7 495 учуру аныкталды