Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Талкаланып, ээн калган "Азовсталь". Комбинаттын асмандан көрүнүшү

"Россия сегодня" медиа тобунун журналисти Мариуполдогу "Азовсталь" заводуна барып, украиналык аскерлер жана "Азов" полкунун улутчулдары жашынып жаткан жерлерди видеого тартып келди.
Sputnik
Асмандан тартылган кадрлардан заводдун аймагындагы талкаланган имараттарды, чачылып жаткан темир-тезектерди, ээнсиреп турган бийик курулуштарды көрүүгө болот.
Эскерте кетсек, аталган катакомбада (коридорлору, өтө кенен эмес бөлмөлөрү жана тар өтмөктөрү бар жер алдындагы жай — ред.) жаткан согушкерлердин акыркылары 20-майда чыгып, 531 согушкер туткунга түшүп бергендигин РФтин Коргоо министрлиги билдирген.
Министрликтен 16-майдан тарта операциянын жүрүшүндө тосулуп, заводдун аймагында калып калгандардан, тагыраагы, Украина тараптын күчтөрүнөн 2 439 киши колго түшкөнүн маалымдаган. Алар комбинаттын аймагында жалпы жонунан бир айга чукул болушкан.
ДЭР башчысы Денис Пушилин 6-июнда "Азовсталдан" колго түшкөндөр менен кошо багынып бербей, алигиче жашырынып жүргөн согушкерлер кармалгандыгын билдирген. Мындай болуп жалгыз-жарымдап "адашып" калгандар кездешкенин, бирок алар кооптуулук жаратпай тургандыгын кошумчалаган.