Россия ТИМи: Путин Афганистанга эгин бөлүүгө макулдук берди

Кабуловдун айтымында, Афганистандагы экономикалык кырдаал олуттуу, начарлап кетиши да мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Афганистанга белгилүү өлчөмдө эгин берүү чечимин жактырды. Бул тууралуу РФ лидеринин Афганистан боюнча атайын өкүлү, ТИМдин Азия департаментинин экинчи директору Замир Кабулов билдиргенин РИА Новости жазды.

“Ведомстволор аралык комиссия Афганистандагы ишинин жыйынтыгы боюнча президентке маалымат берди. Владимир Владимирович Россияда мол түшүм алуу күтүлүп жатканын эске алуу менен эгин берүүгө макулдук берди. Жардамдын көлөмү Россия өкмөтү тарабынан конкреттүү кырдаалга карап аныкталат”, — деди Кабулов.

Анын айтымында, Афганистандагы экономикалык кырдаал олуттуу, бул жайда начарлап кетиши мүмкүн. Себеби былтыр кышта кар аз жааганына байланыштуу түшүм жакшы жыйналган эмес.
Ошондой эле Кабулов айрым божомолдор боюнча Афганистан эгиндин кадимки көлөмүнөн 30 пайызга чейин албай калышы мүмкүндүгүн билдирди. Өлкөдө жылына дан эгиндери эки жолу алынат, биринчи түшүм жыйналгандан кийин кырдаал айкын болору белгиленген.
Путин: Батыштын көп жылдан берки жаңылыштыгы жакырчылыкка кептеди