БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бишкектин ири бөлүгүндө газ бир айга өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматынан кабарлады.
20-июндан 20-июлга чейин сегиз көчө көгүлтүр отсуз калары маалым болду.
Газ өчүрүлө турган аймактар:
Осмонкул көчөсү;
Лев Толстой көчөсү;
Бейшеналиева (Ала-Арча дарыясы) көчөсү;
Малышев көчөсү;
Касымалы Баялинов (ЧЧК) көчөсү;
Журнал көчөсү;
Жибек Жолу проспектиси.
Андан сырткары, "Кулджа Бик", "Бай тур", "Алькони", "Автомаш Радиатор" ишканалары жана "БТЭ" буу казандары да газсыз калмакчы.
1970-жылы жаткырылып, эскирген газ түтүктөр менен орнотулган жабдуулардын алмаштырылары айтылды. Бул күз-кышка кам көрүлө турган иш-чаралардын бири.
"Газпром Кыргызстан" түтүктөр алмаштырылып, оңдолуп бүткөндөн кийин көгүлтүр от дароо берилерин кабарлады.
Компания аталган аймактын жашоочуларынан жана ишканалардан энергиянын башка булактарын убактылуу колдоно турууга кеңеш берип, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сураган.