1-июлдан тарта чет өлкөлүктөр Түркиянын айрым райондорунда жашай албайт

Бул чаралар Кыргызстандын жарандарына да тиешелүү болушу ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Түркия бийлиги чет өлкөнүн жарандарына шаарлардын райондорунда жашоо квотасын кыскартып жатат. Бул тууралуу Yeni Safak гезити ички иштер министри Сулейман Сойлунун айтымына таянып кабарлады.

"1-июлдан тарта шаарлардын райондорунда жашаган чет өлкөлүктөрдүн үлүшү 25 пайыздан 20 пайызга төмөндөйт. Башкача айтканда, квотадан ашып кеткендиктен 1 200 район чет элдик жарандардын жашоосу үчүн жабык болот", — деген ИИМ башчысы.

Башка мамлекеттердин жарандарынын туруктуу жашоосуна квота киргизилгени тууралуу февралда маалым болгон. Жергиликтүү ЖМКлардын билдирмеси боюнча, мындай чечим сириялык качкындардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу кабыл алынган. Бул чаралар Кыргызстандын жарандарына да тиешелүү болушу ыктымал.
Чет элдиктер Кыргызстанда жашоого уруксатты кантип алат? Түшүндүрмө