Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Литванын ТИМ башчысы Россиянын Украинадагы ийгилигине капа экенин айтты

Литвалык дипломат акыркы окуялар Россияны жеңүү мүмкүн эмес экенин көрсөтүп жатканына токтолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Россия армиясынын Украинадагы атайын операциясынын ийгилиги көңүл жубатарлык көрүнүш эмес. Бул тууралуу Литванын ТИМ башчысы Габриэлюс Ландсбергис Foreign Policy басылмасына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
Литвалык дипломат акыркы окуялар Россияны жеңүү мүмкүн эмес экенин көрсөтүп жатканына токтолгон.
"Украинадагы абал боюнча бизге жеткен маалыматтар көңүл жубатарлык эмес. Атайын операцияда россиялыктар ийгилик жаратып жатат. Россия уттурбайт, бул жаатта алардын мүмкүнчүлүгү жогору", — деди Ландсбергис.
ТИМ башчы Москванын санкцияларга каршы жасаган кадамдары да кыйла ийгиликтүү экенин белгилеген.
"Алар буга туруштук бере алышат. Эгер мындай кысымга узак убакытка чейин туруштук берсе, анда бул геосаясий реалдуулуктун өтө кооптуу баскычында турганыбызды түшүндүрөт", — деген дипломат.
Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Кийинчерээк ага жооп катары Батыш өлкөлөрү Москвага катар-катар санкцияларды салып, анын кесепети кайра Европанын өзүнө тийди. Күйүүчү май кымбаттап, Европа андан улам пайда болгон азык-түлүк инфляциясына кабылды. Каатчылык, кымбатчылыктан жөнөкөй эл жапа чегип, нааразы жаралууда.
Россия жаңы дүйнө куруп, Батыш өзүн-өзү кыйратууда